
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы үч саатта жана кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөп, катуу шамал болорун ӨКМ билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды этият болууга, бак-дарактарга жана электр чубалгыларына жакын болбоого, мүмкүн болсо аба ырайынын катаал маалында үйдөн чыкпоого чакырат.