2025-жылдын 22-апрелинен 24-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ чукул билдирүү таратты. Андагы маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Ага ылайык, ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертет жана зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунуштайт.