Соң-Көлдөн 1200 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды

2-июндан 7-июнга чейин Соң-Көлдө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкнедей, рейдди «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлорду аныктоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан болжол менен 1200 метрди түзгөн мыйзамсыз торлор чыгарылды.

Аталган иш-чаралар Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

8 Июнь 2026 жыл 12:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча