Сокулукта вакциналарды сактоочу жай ачылды

Сокулук районундагы Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу жаңы муздак бөлмөнүн ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы сактоочу жай райондогу 200 миңден ашык адам, анын ичинде беш жашка чейинки 28 миң жаш бала үчүн вакцина сактоого мүмкүндүк берет. Бул Канада Өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстан боюнча орнотулуп жаткан 11 жаңы кампалардын биринчиси. Бардык 11 бөлмөнүн жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.

Ага ылайык, ачылышына Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткарыуучу Кристина Бруджиолонун катышты.

«Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон мырзага жана ЮНИСЕФке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоодо жана балдардын жана калктын ден соолугун коргоо максатында эмдөөнүн сапатын жогорулатууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди«, — деп айтылат маалыматта.

23 Январь 2024 жыл 16:02

Тема боюнча