Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жеткирилди

 Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жана тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сырт өрөөнүндөгү Кичи-Жаргалчак, Чоң-Жаргалчак жана Ак-Шыйрак айыл аймактарынын жайлоолорунда калың кар жааган. Буга байланыштуу малчылардан кабар алуу жана көмөк көрсөтүү максатында Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы баштаган ыкчам топ түзүлгөн. Куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жогоруда аталган аймактардагы малчылардан кабар алып, азык-түлүк жана 335 түк чөп жеткиришти.

«Учурда Сырт өрөөнүндө малчылардын абалы туруктуу, мал-жандыктар аман-эсен. Тоолуу аймактарда жолдорду тазалоо жана малчыларга көмөк көрсөтүү иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

8 Июнь 2026 жыл 9:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча