ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫЛДЫ

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү толук тазаланды.

Ал эми 243-280-чакырым аралыктарына дагы таш көчкү түшүп, жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери улантылууда.

Учурда бир тараптуу жол ачык, каттам бар.

Дагы кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.

8 Июнь 2026 жыл 14:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча