ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУ ТАЗАЛАНЫП, ЖОЛ АЧЫЛДЫ

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260–274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

«Жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды. Айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сактоону өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.

4 Июнь 2026 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча