Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн таш көчкү тазаланууда

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна түшкөн ири көлөмдөгү таш көчкүнүн болжолдуу көлөмү 55-60 миң куб метрди түзөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Учурда жеринде №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Таш көчкүнү тазалоо иштерине 2 экскаватор, 2 ХОВО жүктөгүч, 2 погрузчик тартылды. Ошондой эле башка аймактагы жол тейлөө ишканаларынан техникалар тартылууда. Дагы кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.

Министрлик айдоочуларга коопсуздукту камсыз кылуу максатында аталган тилке аркылуу убактылуу каттамга чыкпай турууну, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону эскертет.

5 Июнь 2026 жыл 13:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча