Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш тазаланып, каттам ачылды

Түндүк – Түштүк унаа жолуна түшкөн таш тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, таш аталган жолдун 243-296-чакырым аралыгына түшкөн.

Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо максатында министрликтин атайын техникалары тартылып, жолдогу таштар тазаланып, каттам ачылды.

«Учурда жолдун кооптуу тилкелерине коргоочу тирөөч дубалдар орнотулууда. Мындан тышкары, айдоочуларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн SOS белгилери коюлуп, анда байланыш номерлери көрсөтүлгөн. Жолдо техникалык мүчүлүштүк же башка өзгөчө кырдаал жаралса, көрсөтүлгөн номерлер аркылуу жол тейлөө кызматтарынын адистерине кайрылууга болот», — деп айтылат маалыматта.

3 Июнь 2026 жыл 14:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча