«Түндүк» тиркемеси жана мамкызмат көрсөтүүлөр порталы убактылуу иштебейт. Себеби

«Түндүк» мобилдик тиркемеси, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы жана Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кирүүчү башка сервистер 10-июль саат 21:00дөн 11-июль саат 10:00гө чейин убактылуу жеткиликсиз болот. Бул тууралуу «Түндүк» ААКтан билдиришти.

Чектөөлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасында пландалган техникалык жумуштарды жүргүзүүгө байланыштуу экени белгиленет.

10 Июль 2026 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча