Төрөбаев эттин баасы 700 сомдон төмөн болушу керектигин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда эттин баасы 700 сомдон төмөн болушу керектигин айтып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан тышкары мамлекеттик ишканалар уйдун этин сырттан алып келет.

Белнилей кетсек, өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

14 Август 2025 жыл 18:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча