Түркияда куралчан киши ок чыгарып, 5 адамдын өмүрүн алды

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Мерсин шаарында куралчан адам ресторанда жана башка бир нече жерлерде адамдарга ок чыгарган, деп TRT Haber билдиргенин Казинформ жазды. 

Маалыматка караганда, атышуу ресторандардын биринде башталган. Кол салган адам ошол жерде мурунку аялын да атып өлтүргөн.

Атышуудан кийин ал киши дагы эки адамды – жүк ташуучу унаанын айдоочусун жана ошол учурда мал кайтарып жүргөн жаш жигитти өлтүргөн.

Жалпысынан кеминде беш адам каза болуп, жети адам жаракат алган.

Шектүү унаа менен качып кеткен. Полиция аны кармоо үчүн тик учактарды жана дрондорду колдонуп, кеңири масштабдуу операция жүргүзүп жатканы кабарланды.

19 Май 2026 жыл 9:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча