Жаңы окуу жылынын алдында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардыктарга ачык кайрылды. Мэр эмне үчүн ири долбоорлор, курулуштар дал азыр башталып, эмне үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарга чыдоого туура келип жатканын жана эмнеге эртеңки күндү ойлошубуз керек экенин түшүндүрүп берди.
Калаа башчысы Бишкектеги азыркы инфраструктура 400 миң кишиге ылайыкталганын, бирок ушу тапта миллиондон ашык адам жашай турганын белгиледи. Эгер бул инфраструктура жаңыртылбаса, беш жылдан кийин шаарда транспорттук жана коммуналдык болуп көрбөгөндөй көйгөй жаралышы ыктымалдыгын билдирген.
«Түшүнүп турам, тыгын, ызы-чуу болот, чаңдайт. Бирок азыр чыдап, сабыр кылып койбосок, бул келечекте чоң көйгөйгө айланат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм,» — деди Жунушалиев.