
Талас районундагы Чат-Базар-Арал-Талды-Булак унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
“Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигине карашуу № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Быйыл Чат-Базар-Арал-Талды Булак жолунун 12-14-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган. Жумуштар белгиленген графикке жана бардык жол куруу нормаларына ылайык жасалууда”,-деп айтылат маалыматта.