Таласта 10-11-сентябрда базарлар жана соода жайлары иштебейт

Талас шаарында санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 10-11-сентябрь күндөрү базар жана бир катар соода жайлары убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук базар, кийим-кече жана курулуш материалдарын саткан дүкөндөр, автотетиктерди сатуучу жайлар, вулканизациялар жана башка соода түйүндөрү эки күнгө жабылат.

«Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, ошондой эле азык-түлүк дүкөндөрү ишин улантат», — деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаар тургундарын керектүү буюмдарды алдын ала сатып алууга чакырды.

7 Сентябрь 2026 жыл 10:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча