Тарыхта биринчи жолу: Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу алгачкы көркөм тасма тартылганы жатканын 5-августта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тасманы тартарын жаш режиссёр жана оператор-коюучу Каныбек Калматов жарыялады, ал Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алган. Мындай укук тууралуу келишим жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен түзүлгөн жана бул документ фильмге даярдыктагы маанилүү юридикалык жана моралдык кадам болуп эсептелет.

«Жаңы тасма Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү бала чагынан тартып дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, көркөм көрүнүштөргө жана эмоцияга бай байопик жанрында тартылат», — деп айтылды министрликтин маалыматында.

Сюжеттин борборунда жазуучунун угуу укугу, идея үчүн, улуттук өзгөчөлүк үчүн күрөшү камтылган. Фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталган.

Каныбек Калматов дүйнөдөгү алдыңкы кино институттарынын бири болгон ВГИКтин (Москва) кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал буга чейин кыргыз киносунун тарыхында эң көп киреше алып келген «Бейиш эненин таманында» тасмасынын башкы оператору катары таанылган.

Анын жаңы долбоору — арт-мейнстрим багытындагы кадам, жана режиссёр аталган тасма “элдин эсинде калат” деп ишенет.

6 Август 2025 жыл 9:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча