Ташиев Нарындын жолдорун жасагандарды бүгүндөн калбай камоого буйрук берди (Видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы жолдордун курулушун көрүп чыгуу учурунда, Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн куруп жаткан компанияларга карата чара көрүүнү УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына тапшырды.

“Нарындын Шералиев көчөсүн жасаган «Бета Групп» компаниясы 15-августка чейин жолду бүтүрөм дебеди беле? Бүгүн 31-август, дагы деле бүтө элек. Тез арада жетекчисин таап, камакка алгыла”,-деди Ташиев.

31 Август 2025 жыл 20:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча