Коомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн акы алууну токтотуу чечими керектөөчүлөрдүн көптөгөн даттанууларынан улам кабыл алынды. Жарандар тамактын баасына кошумча 15 пайыздык жыйымдын алынышына нааразы болуп келишкен. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Адилет Жумабеков билдирди.
Анын айтымында, президенттин администрациясы бул маселени жөнгө салуу жана тиешелүү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдин долбоорун даярдоону тапшырган. Долбоорду талкуулоо учурунда ишкерлерден жана ресторан ээлеринен көптөгөн кайрылуулар, сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн.
Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Руслан Казаков билдиргендей, бизнес-коомчулуктун позициясын эске алуу менен, ишкерлер бааларды жөнгө салып алуусу үчүн жаңы эрежени киргизүү мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынган. Жаңы тартип 2026-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди.
Анын айтымында, Жарандык кодекске ылайык, коомдук тамактануу чөйрөсүндө оозеки оферта келишими колдонулат, анда аштизме (меню) иш жүзүндө келишим болуп саналат. Кардар тамактардын түрлөрү, алардын өлчөмү жана баасы менен таанышып, шарттарга макул болуп буйрутма берет же андан баш тартууга укуктуу.
Министрлер кабинетинин №560 токтому менен бекитилген соода эрежелерине ылайык, товарлардын баасы соода субъекттери тарабынан өз алдынча белгиленет.
Буга чейин тамактануучу жайларда тамактын баасына 5 пайыздан 20 пайызга чейин өзүнчө тейлөө акысы кошулуп келген, бул акыркы баанын ачык эместигинен улам керектөөчүлөрдүн нааразычылыгын жаратып келген. Ушуга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилип, эми аштизмеде тамактын акыркы баасы көрсөтүлөт.
Эгер мурда бул пайыз кызматкерлердин эмгек акысы катары түшүндүрүлсө, эми бардык чыгымдар, анын ичинде тейлөөчүлөрдүн, ашпозчулардын жана техникалык кызматкерлердин иши тамактын баасына кошулат. Бул кадимки тажрыйба жана колдонуудагы эрежелерде каралган.
Ошол эле учурда мамлекет кафе-ресторандардагы тамактарга баа койбойт, анткени алар социалдык маанилүү товарларга кирбейт. Бирок, менюда көрсөтүлгөн баага кошумча пайыз кошуу — мыйзам бузуу болуп саналат жана административдик жоопкерчиликке алып келет.
HoReCa Club ассоциациясынын аткаруучу директору Алтынай Качибекованын пикиринде, бизнестин сатуу көлөмү төмөндөдү. Анын айтымында, эгер бир ишкана бааны көтөрсө, экинчиси көтөрбөсө — бул ар бир ишкердин өз эрки.
Ал белгилегендей, HoReCa чөйрөсүндө чыгымдар абдан көп. Кээ бир жайлар, мисалы, мантынын өздүк наркы жогору болорун түшүнүп, тейлөөнүн сапатын жана ага жараша баасын сактап калышат. Башкалары тейлөөдөн үнөмдөшү мүмкүн, бул кээде тамактын сапатына таасирин тийгизет же айрым азыктар арзан аналогдор менен алмаштырылат.
Алтынай Качибекова баа бир гана ун же башка ингредиенттерден куралбастыгын белгиледи. Баанын ичине таңгактоо, тейлөө жана мекеменин атмосферасы да кирет — иш жүзүндө кафе же ресторанга барганда керектөөчү тамак үчүн гана эмес, тейлөө жана өзү отурган шарттар үчүн да төлөйт.
Учурда тейлөө пайызы жоюлуп, тейлөөчүлөр менен эмгек келишимдери түзүлүүдө. Бул мезгил өткөөл кезең болуп саналат. Буга чейин деле кызматкерлерге кеткен чыгымдар, анын ичинде салыктар жана кызматкерлерди стималдаштыруу тутуму эсепке алынып келген.