Токмокко мал сатып алууга келген жарандын сөөгү Чүй дарыясынан табылды. Шектүү кармалды

Токмок шаардык милициясы тарабынан киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Маркумдун сөөгү Чүй дарыясынан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

1-июнда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 1997-жылы туулган жаран дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат туугандары тарабынан түшкөн. Маалыматка ылайык, ал мал базарынан кийин байланышка чыкпай калганы маалым болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, анын жоголушуна шек саналып таанышы — 1997-жылы туулган жаран кармалган.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, шектүү маркумдун акчасын алуу максатында, мал көрөбүз деген шылтоо менен аны Чүй дарыясынын жанындагы ээн жерге алып чыккан. Ал жерде жабырлануучуга учтуу нерсе жана таш менен сабап, жанындагы болжол менен 20 миң сом акча салынган барсетканы алып, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберген.

Бүгүн, 4-июнда саат 10:20 чамасында Чүй районунун аймагындагы Чүй дарыясынан сөөгү табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

4 Июнь 2025 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча