Токтогулда Бишкек менен Чүйгө баңгизат ташып бараткан топ кармалды

Токтогул районунан Бишкек жана Чүйгө ири өлчөмдөгү баңгизат ташып бараткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат жеткирүү менен алектенген 1983-жылы туулган Ж.З.И., 1981-жылы туулган М.М.Б. жана 1983-жылы туулган И.А.К. аттуу жарандар кармалды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-химиялык экспертизалар дайындалган. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет: баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш жоопкерчилигине алып келет жана адамдардын тагдырын талкалайт. Өзүңүздү жана жакындарыңыздын тагдырын тобокелге салбаңыз. Баңгизат кылмыштарына катышуудан баш тартыңыз.

19 Май 2026 жыл 11:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча