Тоолуу райондорго кар жаайт. 17-апрелге күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерге жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +3…+8 күндүз +9…+14

Таласта түнкүсүн +1…+6 күндүз +8…+13

Баткенде түнкүсүн +6…+11 күндүз +13…+18

Ош, Жалал-Абад облустары нда түнкүсүн +6…+11 күндүз +13…+18

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7 күндүз +11…+16

Нарында түнкүсүн +0…+5 күндүз +10…+15

Бишкекте түнкүсүн +6…+8°, күндүз +12…+14° болот.

16 Апрель 2026 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча