Бүгүнкү күнгө карата өлкө аймактары боюнча жалпы 110,2 чакырым жолдорго асфальт-бетон катмары төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Былтыр ушул мезгилге карата 40 чакырым жол асфальтталган.
Битум менен 12 763 тонна камсыздалды.
Сатып алынган битумдар асфальт-бетон заводдоруна чейин жеткирилүүдө.
Жалпысынан, Титулдук тизмеге кирген региондордогу бардык унаа жолдорунда планга ылайык иштер аткарылууда.