Бүгүн, 26-январда УКМК мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо жолу менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөк көрсөтүү) боюнча шектелүүдө. Тиешелүү көрсөтмөлөр ички иштер органдарына бөлүштүрүлдү.