Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдиктер табылды

Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдарды бузган 36 адам аныкталды, деп билдирди УКМК.

Тактап айтканда 2-3-июнда чет өлкөлүк жумушчуларды пайдаланган 32 объект, ошондой эле 5 өлкөдөн келген 768 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилди. 

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 36 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Учурда аларды өлкө аймагынан чыгаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Бул иштер улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, коомдук тартипти сактоого жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүүгө багытталган.

Өлкөгө кирүү, өлкөдө болуу, каттоодон өтүү эрежелерин бузуу, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз иштөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Бул жоопкерчилик өлкө аймагынан чыгарууга жана өлкөгө кирүүгө чектөө коюуга чейин жетиши мүмкүн.

Чет өлкөлүк жарандар, жумуш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын так сактоого милдеттүү», — дейт УКМК.

4 Июнь 2026 жыл 13:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча