Ысык-Көлдө суучулдар «Алтын кум» жээгинин түбүнөн бир тоннага жакын таштанды чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ведомствонун суучулдар кызматы Бостери айылындагы «Алтын кум» жээгинин аймагында Ысык-Көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзгөн. Көлдүн түбүн тазалоо учурунда 920 килограммга жакын ар кандай таштанды чыгарылган.
Белгилегендей жээктин суу алдындагы бөлүгүн тазалоо иштери эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, жээк зонасынын санитардык абалын жана көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында жүргүзүлүүдө.
Өткөн жылы Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатына экологиялык ченемдерди бузгандыгы үчүн айып пул салынган. Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматкерлеgrid Ысык-Көлдүн жээк аймактарына жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн уюштурган пресс-турунун жүрүшүндө, аталган эс алуу зонасында катуу тиричилик калдыктарынын белгиленбеген жерге ташталганын аныкташкан.
