Өзгөндө дагы 15 жаштагы кыздын сөөгү асынган абалда табылды

Ош облусунун Өзгөн районунда 15 жаштагы кыздын сөөгү асынган абалда табылды. Бул факты 14-апрелде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөө жүрүп жатат. Маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) окуянын чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, 12-апрелде эле Өзгөндө 29 жаштагы келиндин сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылган.

16 Апрель 2026 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча