ЖАКтын кызматкерлери абактагы соттолуучулардан бычактарды жана телефондорду табышты

24-январда Жазаларды аткаруу кызматы терс маанайдагы соттолгондордун тобунун башкаларга тийгизген таасирин алдын алуу, ошондой эле тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды табуу максатында ЖАКтын мекемелеринин биринде жалпы тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ага ылайык, төмөнкүдөй тыюу салынган буюмдар табылган:

— ар кандай үлгүдөгү мобилдик байланыш шаймандары — 95 бирдик;

— саюучу-кесүүчү буюмдар — 163 даана;

— акча каражаттары — 2240 сом;

— түзөтүү мекемесинин ички эрежелери менен тыюу салынган түрдүү буюмдар (заряддоочу түзүлүштөр, аккумуляторлор жана мобилдик телефондор үчүн кулакчындар, оюн карталары) — 340 даана.

«Ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди. Соттолгон жарандарга мыйзамдын талаптарын так аткарууда, тыюу салынган нерселерди жабык жайларда колдонбоо жана алып жүрбөө боюнча кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

26 Январь 2024 жыл 11:55

Тема боюнча