Жакында Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоо иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Талас облусуна иш сапар менен барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында облустун аймагында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Ошондой эле «Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорунун аткарылышы көрүп, подрядчы компаниянын өкүлдөрүнө курулуш иштерин өз убагында баштоо жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилүү болгондой, реконструкциялануучу жолдун жалпы узундугу 93 чакырымды түзөт. Ал Талас шаарынан башталып, «Кичи-Капка» көзөмөл өткөрүү пунктуна чейин созулат. Курулуш иштери 2025-2028-жылдары жүргүзүлүп, долбоордун кепилдик мөөнөтү 5 жылды түзөт.

Мындан тышкары, министр Өтмөк ашуусун тейлеген №36 Жол тейлөө ишканасынын тазалоо иштерин да кɵзɵмɵлдɵдү. Ал коопсуздукту камсыз кылуу жана жүргүнчүлөр үчүн үзгүлтүксүз каттам уюштуруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Министр жооптуу кызматкерлерге берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууну, жолдун сапатына, мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө жана коопсуздук талаптарынын так сакталышына өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.

26 Февраль 2026 жыл 17:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча