Жалал-Абадда төрөткөнү үчүн акча алган 2 дарыгерге сөгүш берилип, дагы бирөөсү жумуштан четтетилген

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Жалал-Абад облусунун тургуну Т.Д. аттуу жаран кайрылып, төрөт үйүндө орой мамилеге, акча талап кылууга жана шалаакылыкка туш болгонун айтып даттанган. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда даттанган келин быйыл 23-февралда Жалал-Абад облустук ооруканасына толгоосу кармап барганын, төрөт бөлүмүнүн Э.К. аттуу акушери аны кагып-силкип, өз милдетин талаптагыдай аткарбаганын билдирген.

«Арызда аял көз жарары менен акушер анын жолдошуна чыгып, сүйүнчү сурап, акчаны башка бирөөнүн номуруна котортуп алганы жазылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү акушерге карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуштап, аймактык үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчисине кайрылган. Андан тышкары, ооруканада мыйзамсыз акча талап кылуу жана жарандардын укугун бузган көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы аталган мекемеде кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, акушер Э.К. жумуштан четтетилгенин, ал эми төрөт үйүнүн эки дарыгерине бейтаптардан акча алганы үчүн сөгүш жарыялаганын акыйкатчыга 20-майда маалымадаган.

3 Июнь 2026 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча