Жалал-Абаддык ишкер Ош шаарынын мэриясына 10 даана жаңы унаа белекке берди (Видео)

”Жалал-Абаддык туугандардан Ош шаарынын элине белек”,- деп жазылган каз катар тизилген он даана жаңы унаалар бүгүн Ош шаарынын мэриясына белек катары тапшырылды.

Унааларды Жалал-Абад облусунун тургуну, ишкер Асылбек Муратбеков Ош шаарында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, мэрге колдоо катары алып келгендигин билдирип, ачкычтарын Жеңишбек Токторбаевге тапшырды.

Бул унаалар жакынкы күндөрү муниципалдык VIP такси катары каттамга чыгарылат. Эске салсак Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке киргизилип жатат. Буга чейин да 15 электромобиль алынып келинген.

23 Август 2025 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча