Жалал-Абадга жаңы мэрдин орун басары дайындалды

Жалал-Абад шаарына жаңы вице-мэр дайындалды. Мэрдин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп Жаныш Раимжанов бекитилгенин калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койгон.

Билими:
2015-2018-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин «Финансы жана кредит» адистигин аяктаган.

2021-2022-жылдары ппрезидентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы башкаруу академиясында билим алган.

Эмгек жолу:
2015-2019- жылдары өкмөткө караштуу Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис.

2019-жылдан ушул күнгө чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Аталган кызматты буга чейин Айбек Жолдошев аркалап келген. Ал ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

26 Январь 2024 жыл 11:33

Тема боюнча