Жакында WhatsApp мессенжеринде белгисиз адам узундугу 40 см чамасындагы эки форелди кармап жаткан видео тараган. Текшерүүнүн жүрүшүндө балык уулоо «Алим» комплекси менен «Жерүй» өндүрүш участогунун ортосундагы табигый корук зонасында болгону аныкталды. Бул аймак «Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун» жана «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде флора менен фаунаны коргоо үчүн атайын көзөмөлгө алынган.
Мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында «Альянс Алтындын» коопсуздук кызматы дарыя боюнда патрул жүргүзүүнү баштаган. Анын алкагында 25-август күнү саат 20:00 чамасында Талас районунун Манас айылынын тургундары А.А. жана Б.М. кайырмак колдонуп, корук аймагында балык кармап жаткан жеринен кармалышкан.
Ал эми окуя болгон жерде мыйзам бузуу фактысы боюнча акт түзүлүп, түшүндүрмөлөрү алынып жана кайырмак айып далил катары алынган. Топтолгон материалдардын негизинде ар бирине 10 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен административдик укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлгөн.
Жыйналган материалдар «Талас облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун» карамагына өткөрүлүп берилген.
Баса белгилеп кетсек, «Жерүй» өндүрүш участогунун ортосундагы табигый корук зонасында жаратылышты жана жаныбарларды сактоо максатында ар кандай аңчылык иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле, «Альянс Алтын» ЖЧКсы 2022-жылдан бери Чоң-Чычкан дарыясына балык кое берүү иштерин жүргүзүп келет. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте дарыянын биологиялык жана химиялык бир катар изилдөөлөрү жүргүзүлгөн.