«Ош — Бишкек каттамына билеттердин баа саясаты кандайча түзүлөрүн териштирүү зарыл». Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Бурул Аманова билдирди.
«Бул каттам дайыма рентабелдүү, учактын салону эки тарапка тең толуп учат. Бирок баасы дагы эле жогору бойдон калууда. Ошол эле учурда билеттин баасына кошумча, айрымдар жакшы орундар үчүн дагы өзүнчө акча төлөшөт. Бишкек — Ош аралыгы аба аркылуу 300 чакырымды түзөт. Башка багыттар боюнча дал ушундай аралыкка билеттердин баасы арзаныраак. Ош — Бишкек каттамына билеттердин баа саясаты кандайча түзүлөрүн териштирүү зарыл», — деп кошумчалады Бурул Аманова.