Депутат: “Парламент миллионерлердин элиталык клубуна айланат”

Парламент миллионерлердин элиталык клубуна айланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Шайлоо боюнча конституциялык мыйзам тууралуу өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди.

«Биринчиден, шайлоо күрөөсүнүн суммасын 100 миң сомдон300 миң сомго жогорулатып, аны кайтарымсыз кылуу сунушталууда. Бул деген кимдин

300 миңи үчүн ичи ачышпай турган болсо шайлоого катыша алат, жөнөкөй дарыгер,мугалим, өрт өчүргүч шайлоого катыша албайт дегенди билдирет. Шайлоо байлар

үчүн гана болуп калат. Мен күрөөнүн суммасын мурдагыдай калтыруунусунуштайм.Экинчиден, шайлоо фондунун суммасы 10 млн сомдон 20 млн сомго

жогорулатылганы турат. Биз муну менен акчасы бар — байларга шайлоого акчасалуунусуна шарт түзүүдөбүз. Түшүнүп турам, инфляция. Кеңселердин ижара баасы,

үгүтчүлөрдүн маянасы… Сумманы 2 эсеге эмес, жок дегенде 1,5 эсегежогорулатып, 15 млн сом кылалы.Үчүнчүдөн үгүтчүлөрдүн санын 500 адамдан 1000

адамга чейин жогорулатуу. 2021-жылы мен тескерисинче үгүтчүлөрдүн саныназайтууну сунуштагам. Анткени «Биримдик», «Мекеним

Кыргызстан» партиялары 3000 сомго чектөөсүз сандагы үгүтчүлөрдү жалдап,үгүттөөнүн ордуна туугандарын шайлоого алып келүүнү айтышкан. Мында деле

талапкер 1000 үгүтчүсүнө акча берип, туугандарын добуш берүүгө чакырат. Мыйзамдолбоору добуш сатып алууну мыйзамдаштырып берүүдө. Бул мыйзам долбоору менен

парламент юридикалык жана физикалык жактан тең миллионерлердин клубуна айланат.Депутаттар, мындай кылбаш керек», — деди ал.Депутат ошондой эле долбоор менен

чет өлкөдөн электрондук жол менен шайлоону киргизүү сунушталып жатканынбелгиледи.«Шайлоонун жүрүшү кантип көзөмөлдөнөт? Ким кантип добуш берди? Чындап

эле ошончо адам шайлоого келдиби? Мунун баарын көзөмөлдөө чынында оор болот.Бул добушту манипуляциялай турчу эң мыкты технология болмокчу», — деди ал.

4 Апрель 2025 жыл 13:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча