Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев 13-мартта Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатканы кабарланды. Бирок кайсы иш боюнча экени белгисиз. Бул тууралуу бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары жазууда. Ал эми ИИМ бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жатат. 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча” сүйлөшүүсү делген тасма тараган. Эки мүнөттөн ашык видеодо Шаирбек Ташиевге окшош адамды көрүүгө болот. Анын маӊдайындагы адам Жусупбек Коргонбай уулу экени жазылган. Бирок анын бети-башы көрүнгөн эмес.