ИИМ ири алдамчылык фактысын жана буга чейин зомбулук боюнча келип түшкөн кайрылууларды иликтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда ички иштер министрлиги өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.
“2022-жылы жаран Б.А.Т. алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, каражаттарды жеке максаттарына жумшаганы аныкталган. Шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды.
Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда.Тергөө иш-чаралары уланууда”,-деп айтылат маалыматта.