Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештеги «Элдик» жана «Ала-Тоо» депутаттык топтору парламенттин төрагалыгына талапкерлигин көрсөткөн Марлен Маматалиев 77 депутаттын «макул» деген добушуна ээ болду. 5 депутат каршы добуш берген. Добуш берүү жабык өттү.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматтан кете турганын айтып, бирок эл өкүлдүк вазиайпасын аткара бере турганын кошумчалады.

12 Февраль 2026 жыл 16:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча