Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштин натыйжасында мамлекетке 4 миллиард долларлык киреше түшкөнү тууралуу маалымат негизсиз экенин 13-августта президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде билдирди.
«Коррупцияга каршы күрөш катуу темпте жүрдү. 4 миллиард доллардай, башкача айтканда, 300 миллиард сомдон ашык түшүптүр отчет боюнча. Ошол акча кайда кетти?» деген суроого мамлекет башчы:
«Коррупциядан 4 миллиард түшкөн жок, чынын айтыш керек. Башында эле «Мына, 10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк» деп Камчыбек Кыдыршаевич досум айтып жатканда «Ай, досум, цифралар менен ойнобо. Эртең ошончо чыкпай калса «жеп алды» деп айтат эл. Реалдуу түрдө айт» деп айткам. 300 миллиард болуп кеткени — мисалы, бирөөдөн ноутбук конфискация кылып жатса, Райымданбы же «мыйзамдагы ууруданбы», же «кустуруп» жаткандарданбы… Же, мисалы, базар баасы 100 миң долларлык батирин алса 300 миңге баалап туруп эле ала берген. Аны кимге сатасың эгер 100 миң доллар болсо базардагы баасы? Канча мүлк түшкөнү, кайра канчага сатылганы азыр ревизия болуп жатат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда толтура мүлк сатылбай турат, жүздөп саналат. 1 миллион доллар турса 10 миллионго баалап алып келип алган да кийин кайра сата албай калган. Ал үчүн Камчыбек Кыдыршаевичтин өзүнө комиссия да түздүргөм», — деп жооп берди.
Ошону менен катар Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн пайда болгон жок деп айтуу да мүмкүн эместигин белгиледи. Мамлекет башчы «пайда жакшы эле болду» деп, «мектептер салынганын, УКМКнын облустук, райондук борборлору бүт жаңыланганын, академия, спорттук аянтчалар, эс алуучу жайлар курулганын» кошумчалады.