УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп ким келди?

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Маалыматка ылайык, УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.

10 Февраль 2026 жыл 16:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча