Жапаров: «Кыргызстан акыркы беш жылда Кытайдан 1 тыйын да карыз алган жок»

Кыргызстан акыркы беш жылда Кытайдан жаңы карыз алган жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2020-жылга чейин Кыргызстандын ички жана тышкы карызы жалпы 5 млрд долларды түзүп, анын ИДПга карата үлүшү 70 пайыз болгон. Ал эми 2026-жылы ички жана тышкы карыздын жалпы көлөмү 10 млрд долларга жеткени менен, анын ИДПга карата үлүшү 37 пайызга түшкөн.

Президенттин маалыматына караганда, учурда тышкы карыз 5,2 млрд долларды, ички карыз 4,8 млрд долларды түзөт. Тышкы карыз акыркы жылдары 1 млрд долларга өскөн.

«Акыркы 5 жылда Кытайдан 1 тыйын дагы алган жокпуз. Тескерисинче, 500 млн доллар карызды жаптык», — деди Садыр Жапаров.

Өлкө башчысы тышкы карыз негизинен Европа жана Азия банктарынан, ошондой эле эл аралык каржы уюмдарынан алынганын белгиледи.

14 Август 2026 жыл 10:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча