Ташкенттеги PWL 11 турнирине кыргыз балбандарын колдоп барган мекендештерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу балбан мелдештин сыйлоо аземинде сөз кылды.
«Ар дайым айтам, физикалык, функционалдык жактан алсыз болуп калышым мүмкүн, бирок жүрөгүмдө олимпиада оюндарына болгон үмүт эч качан өчпөйт. Кандай гана кыйынчылыктар, оор жолдор болбосун, аягына жетем. Баарыңыздарга рахмат», — деди ал.
Белгилей кетсек, эки жолку дүйнө чемпиону Акжол Махмудов Нао Кусаканы 19:6 эсебинде жеңди.
Балбандар Ташкентте өткөн PWL 11 турниринде 82 кг чейинки салмакта күч сынашты.
Упайлардын айырмасы 10го жеткендиктен, кармаш биринчи раундда эле жыйынтыкталды.
Жалпысынан бул турнирге Кыргызстандан алты спортчу катышууда.