Бүгүн, 1-мартта Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча «Muhamet Malo – 2026» эл аралык рейтингдик турнири соңуна чыгат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү таймаштарда Кыргызстандын 8 балбаны грем-рим күрөшү боюнча килемге чыгат:
Мелдештер 55, 60, 72, 82, 97 жана 130 кг салмак категорияларында өтөт. Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.