VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча финалга Кыргызстан жана Казакстандын курама командалары чыкты.
Тайпалык баскычтын акыркы күнүндө Казакстан Венгрияны 9:4, Өзбекстан Монголияны 12:1 эсебинде жеңди. Афганистан мелдештен баш тарткандыктан, Кыргызстанга техникалык жеңиш ыйгарылды.
Жыйынтыгында Кыргызстан тайпада үч жеңишке жетип, 9 упай топтоду. Эми кыргызстандык көкпарчылар алтын медаль үчүн Казакстан менен күч сынашат.