Айпери Медет кызы эки секунд калганда жеңишти жулуп кетти (Видео)

Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы кезектеги чоң жеңишин камсыздады.

76 кг салмак категориясында финалга чыккан Айпери индиялык Ретрика Ретрика менен күрөшүп, аны ишенимдүү түрдө жеңип, алтын медалды багындырды. Бул жеңиш анын Азия чемпионатынын үч жолку чемпиону болушуна жол ачты.

Кыргызстандын байрагын желбиреткен спортчуга чоң ийгиликтерди каалайбыз!

27 Март 2025 жыл 23:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча