Акжол Махмудов Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалында жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Финалдык беттеште Акжол Махмудов азербайджандык Санан Сулейманов менен беттешти.
Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

22 Сентябрь 2023 жыл 23:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча