Бүгүн, 16-июнда КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.
Мырзабек Жыпаркулов иш сапардын алкагында 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында талкаланган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу бир нече айылдарында курулуп бүткөн турак-жайлардын абалы менен таанышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облусу боюнча жалпысынан 417 турак-жай жабыркаганы, бүгүнкү күндө 416 турак-жайдын курулушу бүткөрүлгөн.