ЧЫГААН САЯСАТЧЫ БЕКМАМАТ ОСМОНОВДУН ЖЭЭН НЕБЕРЕСИ ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Беназир Нурлановна Нурланова Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. А. Касымалиев 2025-жылдын 27-октябрында кол койду.

Резюмеси
Нурланова Беназир Нурлановна 1995-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында (азыркы Манас шаары) туулган.

Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде иш тажрыйбага ээ болгон.

Класстык чени — мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолунда экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу реформалары жана социалдык-экономикалык саясатты өркүндөтүү боюнча стратегиялык демилгелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан.

Мамлекеттик башкаруу жана экономика тармагындагы квалификациясын жогорулатуу боюнча бир катар кесиптик өнүгүү программаларынан өткөн.

27 Октябрь 2025 жыл 15:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча