
Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалында жеңишке жетип, алтын байгенин ээси болду.
Тыныбекова финалда япониялык Сакура Мотоки менен беттешти.
Жарым финалда кыргыз балбаны германиялык Луиза Ниемеш менен күч сынашып, аны 4:2 эсебинде утуп Тыныбекова Парижде өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алдыган.
Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашты.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.