Ошто жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгү түшүп кетип, ал унааны басып калганы тартылган видео соцтармактарга тарады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен эки адам каза болгон.
Окуя болгон жерде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу тергөөгө чейинки ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.
Ош облустук милициясынан кийин толук маалымат берилерин билдиришти.