
Ошто таңкы рейд: мыйзамсыз курулуштар алынып, жолдор иретке келтирилет
Бүгүн, 22-мартта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эртең менен шаардагы бир катар көчөлөрдү кыдырып, мыйзамсыз курулуштарды тазалоо жана жолдорду иретке келтирүү боюнча рейд өткөрдү.
Рейд кайсы көчөлөрдө өттү?
Ибраимов, Айтматов, Ленин, Достук (№3, №8, №9, №10, №12), А.Карашев көчөлөрүндө жүргүзүлдү.
Эмне өзгөрүүлөр болот?
• Кызыл сызыктан чыккан курулуштар алынып салынат.
• Жолдорду тосуп турган тосмолор ачылат.
• Шаар иретке келтирилет, жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына ыңгайлуу шарттар түзүлөт.